Көмөк чордон курууга жерди бекер берүүнү демилгелеген депутаттар Өмүрбек Текебаевдин суроосуна жооп бере албай калышты

Парламенттин 26-марттагы жыйынында депутаттар Кыргызстанда көмөк чордон курууга жер тилкелерин бекер берүүгө багытталган мыйзам долбоорун талашып-тартышууда. Депутат Өмүрбек Текебаев бул мыйзам эскирген деп эсептейт. "Жер тилкелери өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн бекер берилет" деп турат. Эртең бирөө гараж курам десе, ага эмне үчүн жер бекер берилиши керек? Бирөө автобекет курам десе, эмнеге бекер берилиши керек, жооп бергиле. Өндүрүш үчүн деп бирөө чакан устакана кура турган болсо, эмнеге бекер болот? Мыйзам эскирген, муну толук иштеп чыгыш керек”,- деди Текебаев.

Мыйзамдын демилгечилери Текебаев узаткан суроого жооп бере алышкан жок.

Маселе 2-окуунун режиминде калтырылды, толук иштелип чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан