Парламенттин 26-марттагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков жыйынга тоскоол болгон депутаттарды залдан чыгып сүйлөшүүгө чакырды. Айрым депутаттардын өз ара сүйлөшүүсү жыйындын жүрүшүнө тоскоолдук жаратты.
“Урматтуу депутаттар, туура, бир апта шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, сагынышып калдыңар. Жаңылыктар көп. Бирок залдан чыгып сүйлөшкүлө. Чай ичип отуруп сөзүңөрдү бүтүрүп келгиле”,- деди төрага.
Эскертүү жыйынтык берди.