“Электр энергиясы  товар, көмөк чордон орнотууга жерди бекер берүүгө болбойт” дейт депутат Бокоев

Электр энергиясы – товар. Көмөк чордон орнотуу үчүн электр тармагындагы ишканаларга жер тилкелерин бекер берүүгө болбойт. Муну ЖКнын 26-марттагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев айтты. Депутаттын билдиришинче, мыйзам долбоору жакынкы жылдары курула турган ГЭСтер үчүн гана сунушталууда.

“Жеке компаниялар электр энергиясын сатып пайда таап жатышат. Аларга жерди бекер берүү туура эмес. Эртең газ тармагы үчүн жер тилкелери, бүрсүгүнү унаага май куюучу жайлар үчүн жерди бекер берүүнү киргизиши мүмкүн”,- деди депутат.

Айта кетсек, парламентте көмөк чордон орнотуу үчүн жерди бекер берүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан