Бишкек шаардык соту экс-мэр Нариман Түлеевди үй камагына чыгарган жок. Анын адвокаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон судьялардын чечимин четке кагуу өтүнүчүн жазды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта адвокат Кубанычбек Ташбалтаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, кечээ, 25-мартта соттук процессте соттук коллегия экс-мэрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доону канааттандырган жок. Андан соң судьялар соттук-медициналык экспертизаны өткөрүүгө уруксат бербей коюшту. Мындан тышкары соттук коллегиянын чечимин четке кагуу өтүнүчү менен арыз берилген, бирок ал да канааттандырылбай калган.
"Нариман Түлеевдин ишин караган соттук коллегиянын кабыл алган чечимин четке кагуу өтүнүчү боюнча арыз КРнын Жогорку Сотуна тапшырылат",- деди Кубанычбек Ташбалтаев.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.