Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин студенттери Сулайман тоонун алдына бүгүн, 26-мартта дарак көчөттөрүн отургузушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табият таануу жана география факультетинин базасындагы ботаникалык бактан ыйык Сулайман тоого чейин кийиз дарагынан 15 түп, ясень дарагынан 10 түп жана ак чечек дарагынан 15 түп көчөт отургузулду.
Иш-чаранын негизги максаты Ош шаарында жүрүп жаткан көрктөндүрүү ишине салым кошуу, жашылдандыруу жана экологияны сактоо болуп эсептелет.