Бүгүн, 27-мартта Ак үйдүн жанында өткөн митингдин катышуучуларынын бири Майрам Алымбаева “бир айдан бери уулум менен жолдошум куугунтукта жүрүшөт" деп билдирди.
Анын айтымында, алар “Кумтөр” алтын кенинин маселеси боюнча Саруу айылында нааразылык акцияларга катышып жүрүшкөн. "Ошонун себебинен уулум менен жолдошум куугунтукка алынган. Колго түшкөн 8 чакты жаран Бишкекке алынып келип, камакка отургузулду. Милиция кызматкерлери дагы күнөөлүүлөрдү камайбыз деп жатышат. Биз бүгүн Ак үйдүн алдына келип камакка алынган саруулуктарды бошотууну жана куугунтукту токтотууну талап кылып жатабыз”,- деп айтты ал.