Өзбек чек арачылары чек арадан өтүп кеткен кыргызстандыктын 12 жылкысын бүгүн кайтарып беришти.
Маалым болгондой, 26-март күнү кыргыз-өзбек чек арасынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Керме-Тоо айылынын тургунунун 12 жылкысы өтүп кеткен. Аларды кайтарууга жардам берүүсүн суранган жаран кыргызстандык чек арачыларга кайрылган.
Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара кызматтарынын кызматташуусун бекемдөө максатында чек арачылар ортосунда маалымат алмашып, иштешүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.
"Аймактык башкаруу жана чек арачылар отряддарынын кызматташуусу да күч алууда деп белгиленет",- деп билдирет Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү.