Башкы прокуратура НТС телеканалына карата кылмыш ишин козгогон эмес

Башкы прокуратура айрым интернет-сайттарга чыгып кеткен "НТС телеканалына карата кылмыш иши козголду" деген маалымат чындыкка жатпастыгын маалымдады. 30-октябрда "Республика" фракциясынын жыйыны өтүп, анда Бишкектеги 2010-жылдын 7-9-апрель күндөрү болгон талап-тоноолор боюнча №1-СИЗОдо отурган жарандардын көрсөтмөлөрүн иликтеп чыккан депутаттык комиссия маалымат берди. Бул жыйынга Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы О.Бердибаев да катышкан. Жыйында "НТС телеканалынан А.Юсуповдун интервьюсу көрсөтүлгөндөн кийин телеканалдын журналисттерине кылмыш иши козголду" деген маалымат айтылган. Буга О.Бердибаев төмөнкүчө тактоо киргизди: "Ал боюнча КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы чын. Кылмыш иши НТС телеканалынын журналисттерине эмес, мыйзам тартибин бузган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине карата козголду"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан