Жалал-Абад облусунда 21 үй-бүлө кооптуу жерден көчүп кетүүгө макулдугун бербей жатат

Жалал-Абад облусундагы жер көчкү жүрүшү ыктымал аймакта 26 үй-бүлө жашап келет. Учурда алар кооптуу жайдан көчүп кетүүдөн баш тартып жатканы тууралуу 27-мартта Жалал-Абад облусу боюнча калкты жана аймакты коргоо көзөмөлүнүн офицери Алтынбек Токтонаев билдирди.  

Маалыматка ылайык, кооптуу жердин тургундары 31-мартка чейин көчүшү керек. Бул боюнча өкмөттүн токтому да бар. Бүгүнкү күндө аталган жерде 26 үй-бүлө жашайт, алардын бешөө көчүп кетүүгө макулдугун берген.

Кооптуу жерден көчүрүү иштери жазгы жаан-чачын маалындагы аймактагы айрым айылдарда жер көчкү коркунучунан улам жасалууда. 

Эске салсак, мындай кырдаал Аксы районунда да түзүлгөн. Бирок жергиликтүү 39 үй-бүлө отурукташып калган жайынан көчүүдөн баш тартып, бүгүнкү күнгө чейин көчө элек. Эгерде табият кырсыгы күтүлгөн жерден өз каалоолору менен кетишпесе, күч түзүмдөрүнүн көмөгү менен көчүрүлөрү эскертилген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asiret
2014-03-28 08:49:36
Куч тузумдорунун жардамы менен кочуробуз дейсинер. Аларга болгону 200 000 сом берилет да. Озунор ойлонуп коргулочу азыр 200 000 сомго бир мал сарай курганга болобу? Албетте жок. Мамлекет ссуданын суммасын кобойтуш керек
0
mirbakg
2014-03-28 09:29:39
asiret, туура айтасын кочкуло Десек кочпой жатышат деп кутулганга оной эмнеге кочпой жатканын Жакшы билесинер ! Аларга Жакшы Жер болуп берип уй салып кочкуло деп коргулочу !
0
Kunnur
2014-03-28 09:39:48
Эмнеге толук малымат бербейсинер.мындай айылга мындай жерге кочуш керек деп.кандай сумма болунот аларды да толук жазыш керек.ошол эл менен дагы барып кочпой жатканынын себебин сураш керек.балким аларды да ойлондурган маселе бардыр.
0
admin_superstan
2014-03-28 09:52:31
Kunnur, сунушуңузга рахмат! Кабарды толуктоого аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан