Ош. Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланышты              

Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Ош шаарындагы «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52-орто мектептин жыйындар залында өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. 

Анын айтымында, Ош шаарындагы олимпиадада республикалык олимпиадага өткөн жеңүүчүлөр Бишкек шаарына жөнөп кетишти.  

Шаардык олимпиадада 1-орунга ээ болгон окуучулар жана аларды даярдаган предметтик мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 1-даражадагы диплому жана Т.Касымбековдун 8 томдук чыгармалар жыйнагы менен сыйланышты. Ал эми 2-3-орунга ээ болгон окуучуларга аталган башкармалыктын 2-3-даражадагы дипломдору, регионалдык олимпиадада 4-орунга ээ болгон окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан