30-октябрь күнү Ош улуттук драм театрында КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын
“Ош - Азия көөхары” аттуу жаңы китебинин бет ачар аземи өтөт. Кечеде автордун
пьесаларынан үзүндүлөр коюлуп, Меңди
Мамазаированын сөзүнө жазылган обондуу ырларынан концерттик программа
коштойт. Жаштар менен жазуучунун ортосунда суроо-жооп маектешүүсү да уюштурулат.