“Супер-Инфо” гезитинин жетекчилиги кабарчылар Б.Сатылганова менен М.Орозумбетовду кызматтан бошотуу боюнча чыгарылган 2012-жылдын 31-октябрындагы буйругун жокко чыгаруу чечимине келди. Бул кадам кош бойлуу, 2 жашар баланын энесин камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине каршылык, нааразычылык билдирүү максатында жасалды. Гезиттин мындай чечимине телеалпаруучу Н.Айтбекованын ушул убакыт аралыгында ММКларга жана шоу дүйнө чөйрөсүнө тараткан маалыматтарынан улам "анын максаты -адилеттүүлүктү орнотуу эмес, өч алуу жана материалдык пайда алуу" деген күмөн саноо да түрткү болду. Максат Орозумбетов жана Бахияна Сатылганова аталган окуя боюнча сот иши аягына чыккыча “Супер-Инфонун” кызматкерлеринин катарында болушат.