Бишкекте суу түтүкчөлөрүнүн линияларын оңдоо иштерине байланыштуу Жибек Жолу проспектиндеги Үсөнбаев көчөсүнөн тартып Осмонкул көчөсүнө чейинки аралык 3 айга жабылат.
Тийиштүү жарлыкка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койгон. Мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 1-апрелден 1-июлга чейин аталган көчөлөрдөгү аймак унаа кыймылы үчүн жабылат.