Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примовдун катышуусунда ишембилик өттү

Ош шаарынын мэриясынын калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин эки айлыгын өткөрүү   токтомунун алкагында 29-мартта жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аймактык кеңештер, билим берүү жана медициналык мекемелер тиешелүү аймактарда тазалоо, жыйноо иштерин аткарышты.

Ал эми №6-Манас-Ата аймактык кеңешиндеги эс алуу багындагы ишембилик шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, вице-мэрлер Ильяс Ражапов, Жапарбек Ормонов, мэриянын аппарат башчысы Алмазбек Осмонов жана бөлүм башчылардын катышуусунда өтүп, көчөттөр отургузулду. 

Бул күнү жалпысынан 62 түп ак кайың, 25 түп арча тигилди. Мындан тышкары 700 тал-теректин орду даярдалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан