17-30-март аралыгында Нарын облусунун казыяты Нарын районунун 8 имамына окутуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 30-мартта имамдар сынак тапшырып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.
Белгилей кетсек, бул Нарын облусунун казыяты тарабынан уюшулган үчүнчү семинар болуп эсептелинет. Жалпысынан 28 имам окуудан өтүп, билим алышкан.