Орусиянын Миграция боюнча өкмөттүк комиссиясы жумуш орундарды чектөө системин жок кылууну колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган комиссия тиешелүү мыйзамга кире турган өзгөртүүлөрдү бекитти. Белгилей кетсек, 2007-жылы мигранттар үчүн квоталар кабыл алынган. Эми жумушка орноштурууга болгон чектөөлөрдү алып салуу пландалууда.
Мындан ары жеке ишкерлер чет өлкөлүктөрдү патенттердин негизинде жалдай алышат. Жаңы өзгөрүүлөрдүн Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан жана башка визасыз режимдеги өлкөлөргө тиешеси бар.