Бүгүн, 31-марттан баштап 2-апрелге чейин КРнын Чек ара кызматынын башчысы, полковник Райимберди Дүйшөнбиев иш сапары менен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, полковник алгач Баткен шаарында кеңешме өткөрүп, анын катышуучуларына Баткен облусунун Аймактык чек ара башкармалыгынын башчысы Рустам Жуматаевди тааныштырды. Кеңешмеде чек арачылар, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү менен кызматташуу маселеси талкууланды.
Мындан тышкары Чек ара кызматынын башчысы айрым чек ара бөлүмдөрүнө барып келди жана Баткен облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.