Жалал-Абад. Ата-энесиз балдарга жылуу куртка жана таттуу белектер таратылат
25-октябрь күнү
Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрында Курман айтка карата жетим жана аз
камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына арналган концерт өткөрүлөт. Концертке
Сузак районунда жашаган балдар чакырылат. Иш-чаранын уюштуруучусу «Human Appeal
International» эл аралык гуманитардык фонду балдарга жылуу куртка жана таттуу
белектер таратыла тургандыгын белгиледи.