Эртең, 10-апрелде Бишкекте боло турган митингге катышуу үчүн 1500 саруулуктар келе жатышат. Бул тууралуу 9-апрелде
SUPER.KG порталына Саруу айылынын активисти
Замир Мендибаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаага кире берген жерде МАИ кызматкерлери текшерүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатышат. Мындан улам айрым саруулуктардын Бишкекке келүүсүнө тоскоолдуктар жаралууда.
"Саруулуктар "Кумтөр" маселесин чечүү жана Жети-Өгүздүн тургундары Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотуу талаптары менен чыгышат. Биздин эч кандай саясий максаттарыбыз жок",- деди Мендибаев.