“Бул окуя болгондон кийин Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов коррупцияны алдын ала жоюу максатында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тууралуу буйрук берди”, - деп маалымдайт басма сөз кызматы.
Ошондой эле пара менен кармалган иш алып баруучу Салык кызматынын системинен такыр бошотулганын билдирет.
Эске салсак, кечээ, 9-апрелде Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ленин району боюнча Салык кызматынын өкүлү жеке ишкерден акча талап кылып кармалган. Анын аталган кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү токтотуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашырууга убада бергени аныкталган.