Баткен. Миң-Чынар айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты ачылды 

Кечээ, 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Миң-Чынар айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын ачылыш аземи болду. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалыматка ылайык, курулушка АКТЕД уюму тарабынан 1 миллион сом, айыл өкмөтү тарабынан жалпысынан 1,5 миллион сом, тургундар тарабынан 600 миң сом салым кошулган.

Өз кезегинде облус башчы Жеңиш Разаков АКТЕД уюмуна жана бүгүнкү долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон Миң-Чынар айылынын элине ыраазычылык билдирип кетти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kaytmas
2014-04-12 00:57:49
молодец Алчынбай аке омурунузду берсин Кыргызстан боюнча биринчи орунда онугуп атат ушул "Актурпак айыл окмоту"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан