Ош шаарында 200гө жакын мыйзамсыз соода-сатык түйүндөрү бар

Ош шаарында 200гө жакын мыйзамсыз соода-сатык түйүндөрү бар. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Ош шаардык муниципалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейдде маалым болду. Анда бир катар соода түйүндөрү сүрдүрүлдү.
Ошону менен катар шаарда 700-800гө жакын унаа токтотуучу жайлар мыйзамсыз экенин Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынын орун басары Ашыралы Борбиев билдирди. 
Анын айтымында, биринчи соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түйүндөрүн мыйзамдаштыруу сунушталат. Соода кылгандар унаа токтоочу жайларда иш жүргүзүшсө же шаардын көркүн бузган учурларда, жетекчилик башка жерден орун берүүгө даяр экенин айтты. Соодагерлер сунуштарга көнүшпөсө, аталган мекеме тарабынан сүрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан