1, 5, 9-май күндөрү кыргызстандыктар эс алышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Эмгек кодексинин 113-беренесинде май айындагы үч майрам эс алуу күнү деп жазылган. Ага ылайык, өлкөдө 1-Май – Эмгек күнү, 5-Май – КРнын Конституциясынын күнү, 9-Май – Жеңиш күнүндө кыргызстандыктар эс алышат.