Президент Алмазбек Атамбаевге «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтигинин ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилгендиги тууралуу сертификат тапшырылды

2014-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросунун директору, ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы өкүлү Сергей Лазаревди кабыл алды. ЮНЕСКОнун өкүлү мамлекет башчысына «Манас. Семетей. Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилгендиги тууралуу сертификатты тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарларды.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы бул окуянын Кыргызстандын маданий жана коомдук турмушундагы маанисин баса белгиледи. Эпикалык трилогиянын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилгендиги байыркы бабаларыбыздын адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымы экендигин кошумчалады. “Бул биз үчүн абдан чоң окуя, анткени “Манас” үчилтиги ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө сакталуу”,- деди Алмазбек Атамбаев.

"Манас" эпосу - татаал жолду басып өткөн кыргыз элинин байыркы турмушунун, салт-санаасынын жана маданиятынын энциклопедиясы. “Манас” эпосу, үчилтик кыргыз элинин рухун, салтын, көөнөрбөс мурастарын таасын чагылдырат. Кыргыз эли өзүнүн байыркы руханий байлыгы жана дүйнө маданиятына кошкон салымы менен сыймыктанат",- деди мамлекет башчы.

Өз кезегинде Сергей Лазарев ЮНЕСКО “Манас” эпосу Кыргызстан эли үчүн, анын биримдиги үчүн канчалык мааниге ээ экенин белгиледи. “Кыргызстанга келип, ЮНЕСКОнун башкы директорунун атынан ушул  сертификатты тапшыруу мен үчүн зор сыймык”,- деди ал.

ЮНЕСКОнун өкүлү Кыргызстанда белгилүү тарыхый мааракелерди жана окуяларды элдин биримдигин чыңдоо максатында пайдалануу тенденциясы байкалып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу пландары талкууланды.

Сергей Лазарев мамлекет башчысына адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо боюнча ЮНЕСКО тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туурасында  айтып берди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков, Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Эльнура Корчуева катышышты. 

Эске салсак, 2013-жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин чечими менен кыргыздын «Манас. Семетей. Сейтек» эпикалык үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилген.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-04-16 10:24:35
Жакшы болуптур Юнеского кирип биздин Училтигибиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан