Кечээ жакында эле интернет айдыңына чыккан казактын төкмө акыны Ринат Зайытовдун журналист Берик Султанга берген маеги колдонуучулар тарабынан өзгөчө талкууга алынууда. Анда төкмө акын айтыш өнөрү тууралуу сөз козгоп, журналисттин "Кыргыздын акындары бизден мыктыбы?" деген суроосуна "кыргыз калкынын айтышы - казак калкынын айтышынын жанында жаш баланын оюну" деп жооп берген. Алардын маегин кандай сүйлөшсө, ошондой берүүнү туура көрдүк.
Берик Султан: - Өткөндө интернет ааламынан кыргыздар менен казактардын айтышын көрдүм. Кыргызстанга биздин бир топ акын барды. Жеке өзүмө жага берген жок. Сиз Аалы Туткучев менен айтыштыңыз. Жалпы алардын бет алышы кандай? Алар бизден мыктыбы? Түшүнбөй калдык.
Ринат Зайытов: - Биринчи айтып өтө турчу жагдай, бул эч кандай улутчулдук (улутчулдук өзүмө жаккан сөз), улут аралык чиелениш туудуруу эмес. Бирок кыргыз калкынын айтышы казак калкынын айтышынын жанында жаш баланын оюну да.
Берик Султан: - Себеп?
Ринат Зайытов: - Себеп, алардын айтышынын дымагын 20-30 жылга артка калтырып койгонбуз. Ошон үчүн кыргыздын айтыштарын алып карасаңыздар, эки сүйлөгүч кездешет. Алар Кыргызстанда башкача сүйлөшөт, Казакстанда башкача сүйлөшөт. Ошол үчүн мени Аликтер барган айтыштарга чакырышпайт. Сахнага Казакстандын акындары чыкса, “Ринат неге келбейт?” деп айтышат. Бул эркектикке жатабы? Ошол үчүн эч качан болбой турган жагдай, бир акын жеке өзү отуруп алып, интернеттен "Ой-бай, биз кереметпиз, мындайбыз. Акындар неге жооп беришпейт?" деген.
Акындын башкы максаты, негизги милдети, кызматы - айтышта жооп берүү. Анын оюна жооп бере турган адам жок жерде баарыбыз улутубуз тууралуу пикир билдире алабыз. Кыргыздардын айтышы жалгыз мени менен Аалынын айтышы эмес. Тээ Сүйүнбай менен Катагандан бери карай алып караңыз. Кечээги Эсенкул менен Ашыраалы Айталиевдин айтышы. Жеңишбек менен Орозалы Жандошев, Мээрбек, Даулеттин айтышын алып караңыз…
Кез келген айтышта казак айтышы бир эмес, бир нече бийик экенин өзү далилдеп келе жатат. Бир көзгө чукуп айта турган далили, казак акындары 11 муун, 10 муун, 7-8 муун менен да айтышат. Булардыкы 7-8 муундуу бир уйкашты бир нече ирет кайталап, каерде келсе айтыша бересиң да.
Мына турган адамды,
Мына айткан багаңды.
Ана жаткан агаңды,
Саламды, барамды… деп айта бересиң.
Кыргыз айтышынын деңгээли болсо...
Кыргыз төкмө акындары мындай сынды кандай кабыл алышат? Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин оюн угуу үчүн байланышканбызда ал: "Ооба, бул тууралуу укканым бар. Бирок бул нерсеге теригүүнүн кереги жок. Ринат Зайытов сүйлөй берет. Мен азыр концертте жүрөм, чыкканымда буга кененирээк жооп берейин",- деген жооп узатты.
Ал эми кыргыздын Саркашка атыккан төкмө акын Амантай Кутманалиев бул тууралуу: “Ринатты жакшы тааныйм. Бул жерде Ринаттын сөзү негизги сөз эмес да. Аларда 200-300дөй төкмө акын бар. Баары менен жакшы мамиледебиз. Бир Ринаттын сөзүнө теригип, жалпы казак элине таарынмак белек?! Негизи, Казакстандын айтыш өнөрүнүн башчылары акыркы убакта аны айтыштарга көп кошпой калышты. Аларда кыйын-кыйын жаш акындар өсүп чыгып, Ринаттын доору өтүп баратат. Балким, өз популярдуулугун сактап калуу максатында ушундай сөздөрдү таратып жаткандыр, ким билет?"- деген оюн айтты.