Атай менен Марал үйлөнүү тоюнда троллейбус менен сейилдеп, караокеде ырдашты (фоторепортаж)

“Ээнсиреген үй” тасмасында кыз-жигиттин ролун жараткан Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков 14-апрель күнү расмий түрдө никеге турушту. Анын урматына эки жаш чакан заманбап той өткөрүп, троллейбус менен сейилдеп, караокеге барып созолонто ыр ырдашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Марал SUPER.KG порталына кабарлады.
"Үйлөнгөндөн тарта эле той өткөрүп келе жатабыз. Жакында эле апамдын чогуу иштешкендерин жана Атайдын жамаатын чакырып кыргызча чакан той берип, бата алган элек. Бул жолу классташтарыбыздан, досторубуздан бата алдык. Баарын чогултуп, чоң той берели деп ойлогонбуз. Эсептеп көрсөк, тааныштарыбыздын саны миңден ашып кетет экен. Миң адамды залга батыруу кыйын. Андыктан бөлүп-бөлүп чакан той берүүнү чечкенбиз. 
Ата-энем Орусияда болгондуктан, келе алышпады. Бир тууган агам Атай экөөбүздүн жакшылыгыбызга күбө болуп, атайын фуршет уюштуруп берди. Кайнагам болсо бизге темир тулпар белек кылды. Кайненем троллейбусту сүйлөшүп, жасалгасын моюнуна алды. Сейилдөөдөн кийин караокеге барып, ырдап-бийледик",- дейт акыркы жаңылыктарынан бөлүшкөн актриса.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
nasi00
2014-04-21 16:21:45
Ким кандай той кылса ал озунун иши бироо менен бироонун не иши бар булар атайын мактанбай эле супер инфо гезити эл менен кошо болушойлу бул тойду деген максатта бул жака чыгарып отурат оозуна алы жетпегендер ар нерсени айта беришет экен да бактылуу болгула эки жаш ата эненин алдында ак той бергени эмне жетсин бирин бири зордуктап анан алып качып келип эптеп септеп жашагандан коро бул менин жеке оюм без ком...
+2
liliya-gul
2014-04-21 16:37:42
Аииий Марал ортонку колун корсотконбу Атайга ....?
+3
glock
2014-04-22 23:54:18
liliya-gul, ал еч нерсе эмес фильмде Марал классты коргозгон)))
+2
Aksy-13
2014-04-21 17:43:54
бактылуу бала чакалуу болгула
0
Biinura
2014-04-21 18:55:00
Атай жана Марал, бактылуу болгула. Пейлинер Ала-Тоодой кенен, сезиминер Ыссык-Колдой терен болсун.
+1
demo009
2014-04-21 19:37:26
Марал ортоңку колун жөн эле койбоптур,бирок класс!!!
+3
Aku1977
2014-04-21 21:25:35
Бактылуу болушсун!!!
0
tabyshmak
2014-04-21 21:54:13
Бактылуу болгула! Ээнсиреген уй кинотасмасынан кийин Маралга Атай эле уйлонбосо, Маралга башка жигит уйлонбосо деле керек элеее-е...
+6
Nurika77
2014-04-27 17:25:40
tabyshmak, ооба десен. Бул тууралуу Атай озу да бир интервьюсунда айкан эле. "Ошол кинодон сон кайсы бала уйлонмок эле" деп. Бактылуу болушсун!
0
Abdyrawit
2014-04-22 02:30:43
Негизинен байкап корсом коп сындар айтылыптыр.эми ким болсо да озу каалагандай той откорот да.же эмне кандай откоройун деп бизден сурашы керек беле?
Бул жаш жубайлар "пустой дом" тасмасында башкы каарманда ойношкон экен.эми ачык тартылган жери эле адамдарга терс таасир калтырганы менен.Марал ал кинодо жеткиликттуу денгээлде образ жарата алган деп айта алам.
Тойу жонундо эмес оздору жонудо айтсам.Марал ортонку колун чыгарып,тилин чыгарып тушкон фотосу
Озунун денгээлин ылдый кыл
0
Mechtatelnisa
2014-04-22 11:53:25
Айий суйуусу кучтуу болгон гоо Атайдын,Маралды бактылуу кыл эми
0
Meliana
2014-04-23 00:07:42
Бакыт каалаймын!
0
madina.87
2014-04-23 08:18:20
Бул кыздын ата-энеси кандай адамдар болду экен?Тоюна деле келишпептирго.Атын чыкпаса жер ортто деген ушудаа...
+1
aiba_00
2014-04-23 14:08:49
Свадбасында да артист болушкан го.
0
kurmanbekov
2014-04-24 16:21:51
ххх ххх ха ха
0
admin_superstan
2014-04-24 16:26:16
kurmanbekov, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
Эскертүү!
0
tin-tina
2014-04-24 21:43:29
Атай кытайларды жолдо калтыратго
0
Murok
2014-06-27 21:25:55
Бактылуу болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан