Кечээ, 17-апрелде Орусиянын Чоң театрынын Бетховен залында "Звёзды Содружества" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Быйыл бул сыйлык менен Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Казакстандын жана Орусиянын көркөм академиясынын академиги Юристанбек Шыгаев сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, шериктеш өлкөлөр арасында берилүүчү бул сыйлык 5-жолу тапшырылып жатат. Ал 2009-жылы Өлкөлөр арасындагы гуманитардык байланыш фонду тарабынан негизделген. Ага илим жана билим, маданият жана искусство, гуманитардык ишмердик жаатында орчундуу иш алып барган инсандар талапкер боло алышат.
Аталган сыйлыкка Кыргызстандан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку башчылары Султан Раев, Ибрагим Жунусов, белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жана Илимдер академиясынын экс-президенти Шарипа Жоробековалар ээ болушкан.