Дели шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгерлер жеке ишкердин ашказанынан 12 даана алтындын куймасын алып чыгышты. Бул тууралуу 18-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бейтапканага 63 жаштагы адамды алып келишкенде ал кускусу келгенин жана ичи ооруп жатканын айткан. Ошондой эле аялы менен урушуп кетип, бөтөлкөнүн капкагын жутуп алгандан кийин өзүн жаман сезе баштаганын билдирген.
3 саатка созулган операциянын жүрүшүндө дарыгерлер анын ашказанынан бөтөлкөнүн капкагынан сырткары ар бири 400 граммдан турган 12 даана алтындын куймасын алып чыгышкан.
Оорукананын башкы дарыгери Си Эс Рамашандран: “Бейтаптын заара чыгаруучу органынан 1 килограмм таш алынганы тажрыйбамда бар. Бирок ашказандан алтын алуу биринчи жолу болду”,- деп таң калган.
Бул фактыдан кийин бажы жана полиция кызматкерлери бейтапты суракка алып, иликтөө иштери үчүн алтынды алып кетишкен.
Индияда аткезчилик кеңири жайылып кеткен. Алтын сатуучулар маңзат ташуучулардын тажрыйбасын колдонуп, бажыдан өткөрүүдө алтын жуткан учурлар да кездешет.