Казакстандын музейине кишинин терисинен тигилген капчык коюлду

Казакстандын Актаудагы музейине өзгөчө экспонат коюлду. Ал - кишинин терисинен тигилген, өлчөмү 10Х15 сантиметр болгон капчык. Төрт бөлүктөн турган бул экспонатты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери музейге 1995-жылы эле тапшырган. Бирок ал фонддо гана сакталып, көргөзмөлөргө көп коюлбай келген. Музейдин кызматкерлери Улуу Жеңиш майрамына карата аны көргөзмөгө коюуну чечишти. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акча каражатынын тартыштыгынан улам тарыхчылар бул капчыктын качан, кайда, ким тарабынан жасалгандыгын изилдешкен эмес. Алар "капчык концлагерлердин биринде жасалган болуш керек" деп болжомолдошууда. 

Белгилей кетсек, буга чейин эле тарыхта адам терисинен сумка, кол кап, ал эми майынан самын жасап келгендиги анык болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dadasdasd
2014-04-21 10:22:20
Исламга каршы арам иш. Бул жер кабыл албаган, чоң күнөөкөр адамдын териси. Аллахым жерге көмүлүүнү мага насип кыл.
+5
Savai80
2014-04-21 21:45:18
Dadasdasd, тим эле кудай менен суйлошуп келгендей айтыпсын го. Чон куноокор адамдын эмес бир бечаранын териси да. Ошону жасаган адам накта куноокор болушу мумкун
+4
Dadasdasd
2014-04-21 22:05:49
Savai80, Фараон менен Ленинди эмнеге жер кабыл албаганан, алардын чон куноокор экенин Кудай менен суйлошпой деле билсе болот.
-3
untumak
2014-04-21 10:33:04
Муну жазаган адамдын озу азыр тозокто кайнап жатса керек!
+1
INailia
2014-04-21 10:38:02
бул эмне деген шумдук,кантип жасады болду экен?
+1
Dadasdasd
2014-04-21 10:43:09
INailia, Моргдо иштегендерге кебездей эле нерсе.
0
kama_future_millioner
2014-04-21 10:59:38
Шумдугун кургур
0
mikinookat
2014-04-21 11:31:33
ai kudai ai
0
infiniti
2014-04-21 11:32:10
Шумдук го.
0
december
2014-04-21 11:37:25
Төбөө чачым тик турду. Адамдын терисинен жасалган сумка болобу, капчык болобу, аны кантип колдонушат. Кудай сактасын мындайдан.
+2
Dadasdasd
2014-04-21 11:45:22
Бай адамдын териси, ырымдап сатып алам деген Казактар чыкпаса экен эми.
0
youngyoung
2014-04-21 12:32:30
Бир чыгармадан окудум эле, Орто Азияда адам олсо анын алтын буюмдарын кошо комгон маалда, бир уй-було аябай бай жашаган болот, сыры алар мурзодон алтындарды казып алып, адамдын баш терисинен кол кап жасап сатышкан, сапаттуу да болгон экен. Капчыкты коруп ошол эске тушту.
0
Kara_kyrgyz
2014-04-21 14:22:10
бир шордуунун териси болсо керек да
0
Evrazia.
2014-04-21 15:11:11
Адамдын итиркейин келтиретко.
0
aminali
2014-04-21 17:08:15
Kazaktar dagy bir jolu taw boor ekenin bilgizdi,kim bilet anyn adamdyn terisi ekenin?
0
SayKal1218
2014-04-21 21:14:03
Кантип колдонот ошону айтсанар. Аябай иренжитет. кармагандан коркосун го.
0
Bella-life
2014-04-21 21:37:22
бул капчыкты орус катып жүрсө керек, казак болсо хотябы мусулманча куран окуп көмүп коймок беле дейм, тем более согуш убагында болгон нерсе экен, ыйык тутуп тумар кылбай , өткөн адамды кордобой эле коюшса болмок!
Өлтүрүп гана тим болбостон териси м.н ойногон акылы жоктор
+1
my_love9595
2014-04-21 22:15:50
шумдугун кургур тообо жазаарга соз тапбай калдым КУДАЙ озу сактасын!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан