Депутаттар товарлардын курамы тууралуу маалымат башка тилде жазылганына нааразы болушууда

ЖКнын депутаты Элмира Иманалиева “Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө” мыйзам долбоорунда чет жерден алынып келинген товар, анын ичинде бир гана тамак-аш эмес, башка товарлардын курамы тууралуу маалымат башка тилде (кытай, англис ж.б.у.с.) жазылып келип жатканына нааразы болууда. Анын мындай пикирин колдогон депутаттар бар. "Биз азыр тамак-аштарды гана айтып жатабыз. Ал эми андан башка Кытай жана башка өлкөлөрдөн канча деген товар келет? Айрым адамдар товардын курамын окубай, окуса да чет тилин түшүнбөй, аллергия болуп, жадакалса өлүп да калып жатышат",- дейт Элмира Иманалиева.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан