Үстүбүздөгү жылдын күз айларында АКШда упа түрүндөгү спирт ичимдиктеринин түрү сатыкка чыгарылат. Тагыраак айтканда, арактын, ромдун жана "Мохито", "Маргарита", "Космополитен", "Лимонная капля" коктейлдеринин даамындагы 6 алкоголдук порошок чыгарылмакчы. Бул тууралуу 22-апрелде чет элдик маалымат каражаттары АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул порошокту бир аз сууга аралаштырып ичүүгө болот. Ошондой эле тамак-аш жасоодо да колдонууга болору айтылат. Баасы кадимки ичимдиктерден алда канча арзан.