Талас. Депутаттыкка талапкерлердин саны 1987ге чыкты
КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу жана көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Жаныбеков маалымдайт.
2012-жылдын 31-октябрына карата Талас шаардык кеңешине жана 34 айылдык кеңешинин депутаттыгына бардыгы болуп 1987 талапкер сунушталды. Булардын ичинен 848и саясий партиялардан, 362си шайлоочулардын тобунан жана 777и өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Негизи, 25-ноябрда облустун Талас шаардык кеңешине жана 34 айылдык кеңешине шайлоолор 110 шайлоо участогунда өтүп, жалпы 475 депутат шайланат.