Шайлоого даярдык көрүүдө облус боюнча 7 саясий партия өз талапкерлерин аймактык шайлоо комиссияларына сунуштап, облустун аймагында 19 штабын ачып, иш алып барууда. Алар: “Авангард” (1 штаб), “Ак шумкар” (2), ”Ата Мекен” (3), “Замандаш” (3), “Мекен Ынтымагы” (1), “Республика” (4), КСДП (5).
Шайлоочулардын саны облус боюнча 31-октябрга карата 114 454 шайлоочуну түзсө, анын ичинен Талас шаары - 14 170, Кара-Буура району - 24 583, Бакай-Ата району - 25 846, Манас району - 16 023, Талас району -
33 832.
Айта кетчү нерсе, шайлоо өтчү 110 участоктогу тартипти 181 милиция кызматкери көзөмөлдөйт жана 24 автоунаа тартылат. Резервде 58 милиция кызматкери туруп, 308 элдик кошуун да иштейт.