2014-жылдын 26-28-апрель аралыгында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жаан-чачынга байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл.
Андан тышкары маалыматта Балыкчы шаарында 25-апрель күнү саат 14:10дон 26-апрель күнү саат 00:20га чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал катталганы кошумчаланган.