Кытайдын Ухан шаарында өзгөчө мүрзө табылды. Жергиликтүү тургундар каза болгон жакындарынын сөөгүн жер тартыштыгынан улам унаалар өтүүчү көпүрөнүн астына көмө башташкан. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бул шаар экономикалык өнүктүрүү аймагына киргендиктен, акыркы жылдары курулуш иштери күчөгөн. Мындан улам жер тартыштыгы жаралып, 2008-жылдан бери адамдын сөөгүн жашыруу үчүн жер бөлүнбөй калган. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар 6 жылдан бери көпүрөнүн астын мүрзөгө айлантууга мажбур болушкан. Учурда ал жерде 100дөн ашык адамдын сөөгү жашырылган. Калк "Бул жерде орун калбай калса, өлүктөрдү кайда жашырабыз?" деп бушайман болуп жатышканы айтылат маалыматта.