Кытайдын Ханчжоу шаарынын тургуну, 80 жаштагы пенсионер Руан Тан өзгөчө жумуш - чымын өлтүрүү менен алектенип келет. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта пенсионердин күнүнө миңдеген чымын өлтүргөндүгү менен сыймыктанары айтылган.
"Мен пенсияга чыкканда эмне менен алектенеримди билбей калдым. Анан пайдалуу иш жасоону чечтим. Байкасам, жайкысын элдин көбү ызылдаган чымындардан тажашат экен. Ошентип, чымын өлтүрүү менин жумушума айланды",- дейт пенсионер.
Руан Тандын айтымында, ал 14 жылдан бери бул жумуш менен алектенет. Анын жумуш убактысы күнүнө 8 саатка созулат. Бирок бул эмгеги үчүн эч кандай акча албайт.