Улуу британиялык 38 жаштагы Черити Пирс дүйнөнүн эң семиз айымы катары таанымал. Анын салмагы 350 килограммга жакын. Мындан улам жакшы баса албайт. Эч жерде иштебегендиктен, убактысынын дээрлик көп бөлүгүн үйүндө өткөрөт.
"Учурда Черити Пирс тез арада 90 килограммга арыктап, турмушка чыгуу жана күйөөсүнө бийлеп берүү үчүн аракет кылып жатат" деп жазышат бүгүн, 30-апрелде чет элдик маалымат каражаттары.
Черити Пирс 22 жаштагы жигити Тони Саурга турмушка чыгарынан үмүт үзбөйт. "Мен үйүмдө үйлөнүү тоюмду өткөрүүнү самайм. Тони экөөбүз тең кантри музыкасын угууну жактырабыз. Ошондон улам тоюмда ковбойлордун өтүгүн, шляпасын кийип, түнү бою сүйүктүүмө бийлеп бергим келет. Ошондой эле тоюбузга келген коноктордун баары шаңдуу отуруп, көңүл ачып кетишсе деп тилейм",- дейт Черити Пирс маалымат каражаттарына берген маегинде. Мындан сырткары ал уктап жатып жүрөгү кармап өлүп калуудан коркорун айткан.
Белгилей кетсек, Черити Пирс 2013-жылы дүйнөнүн эң семиз айымы деп табылган. Ага чейин Полин Порттер деген айым рекорддук көрсөткүч жаратып келген эле. Ал 214 килограммга арыктап, ордун Черитиге бошотуп берген.