Баткен. Милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти
1-ноябрь - Кыргыз милициясынын күнүнө карата Баткен ОИИБинин кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Бул
азем Баткен шаарынын Маданият үйүндө болуп өттү. Ага Баткен облусунун ыйгарым
укуктуу өкүлү
Жеңишбек
Разаков катышып, ал милиция кызматкерлерин кесиптик
майрамдары менен куттуктап, мыктыларына Ардак грамота, төш белги жана
акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Кийинки сөз Баткен ОИИБинин башчысы, милициянын
полковниги Алимбеков Анарбай Мамалатиповичке берилди. Ал да өз учурунда милициянын
88 жылдыгы менен куттуктап, кесиптештерине сыйлыктарды тапшырды.
Автор: Бегайым Тажибай кызыФото: Бегайым Тажибай кызы