Бүгүн Бишкекте Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси А.Бельянинов менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда Орусиянын Кыргызстанга 57 унааны белекке берүү аземи болуп өттү. 51 Нива үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жана Газель үлгүсүндөгү кичи бус КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын жана Орусиянын Федералдык бажы кызматынын кызматташуусунун негизинде белекке берилгенин КРнын Өкмөттүк аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.