Талас. 33 жетим балага банкта эсеп ачылды

2012-жыл Үй-бүлө жылы деп белгиленген эле. Андыктан ушул багытта Кара-Буура районунда 10 ай ичинде алгылыктуу иштер жүргөн. Мисалы, 33 жетим бала үчүн РСК банктын райондогу филиалында атайын эсеп ачылган. Балдар 18 жашка толгондо өзүнүн эсебиндеги акчаны алып, керегине жумшай алышат. Атайын уюшулган марафондон түшкөн 173 400 сом акча аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилген. Тагыраак айтканда, 413 балага тапшырылган. “Байлардан кедейлерге” аттуу акция да өткөзүлүп, 78 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүлдү. Булардан тышкары Кара-Буура районунда 10 бала багылып алынып, 95 майып бала мектепке окууга тартылган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан