Шри-Ланканын батышында жайгашкан Чилау аймагында жамгыр менен кошо балыктар жаады. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, жамгырдан соң жергиликтүү тургандар 50 килограммга жакын балык чогултуп алышкан. Буга чейин, 2012-жылы өлкөнүн түштүгүндө креветка аралаш жааган жамгыр катталган.
Мындай өзгөчө көрүнүштөр аталган аралдагы түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш муссондорунун негизинде пайда болот. Океанда жаралган толкун менен жогору көтөрүлгөн балыктарды шамал учуруп, жамгырга аралаштырып жиберет.