Японияда "Кимдин баласы катуу ыйлайт?" мелдеши болуп өттү

Апрель айынын аягында Токио шаарындагы Сеноджи чиркөөсүндө "Накидзумо", тагыраак айтканда, "Кимдин баласы катуу ыйлайт?" фестиваль-мелдеши болуп өткөн. Ага 6 айлык наристеден 3 жашка чейинки 120 бала катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалымдалгандай, сынактын шарты боюнча, жаш сумочулар балдарды колуна алып, аларды ыйлатуусу керек. Эгер бала ыйлабаса, аларды коркутууга чейин барышат. Кайсы бала катуу ыйласа, ошол жеңүүчү деп табылат. 

Белгилей кетсек, япон эли "Бул сынак баланын психикасына терс таасирин тийгизбейт. Тескерисинче, ыйлаганда өпкөсү ачылып, моюн жана төш булчуңдары бекемделет" деп эсептешет. Европалыктардан айырмаланып, алар баласы ыйласа чуркап барып сооротууга шашышпайт экен. "Үнү катуу чыккан баланын ден соолугу чың болот, ошондой эле бала чаңырып ыйлаганда үйдөгү терс күчтөр сыртка качып чыгышат" деп эсептеп, жыл сайын бул сынакты уюштуруп келишет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
balshirin
2014-05-07 12:44:52
шумдугун кургур
-1
alimyrza93
2014-05-07 12:46:36
ушундай да болот бекен э ))
-1
deva
2014-05-07 12:48:49
Тиги сумоисттеринердин кебетесин коруп мен деле ыйлап жиберем, ужастик...
+2
primer-dent
2014-05-07 12:49:04
Андан болок оюндары жок бекен.
-1
Aselina_kg
2014-05-07 12:50:03
Ничем заняться болгон экенда ээ.Тооба....
-2
jypara1415
2014-05-07 13:15:16
Кыйратышыптыр . . .
-2
Aygul
2014-05-07 13:27:12
Япондордун таппаганы жок да ушу
-2
kamyr26
2014-05-07 13:49:07
Кызыктуу болуптур жаш балдардын ыйлаганын ойун кылганына соз жок супер эсте калчу бир элес болуптур
+1
peri...97
2014-05-07 13:56:19
Тоооба,байкуш балдарды укмуш эле кыйнашканго
0
Milashka-92
2014-05-07 14:10:51
ха ха
+1
aikol87
2014-05-07 14:27:20
Бизде ыйласа соорото албай кыйналабыз. кой ыйлабасын деп. Булар тенирден тескери турбайбы. :-D
0
ulan_rysbaev
2014-05-07 14:44:32
Бизде бала ыйласа, уйдо ызы чуу. Албайсынбы?, карабайсынбы?, бир нерсе болгон и.т.д. А япондор суйунушот экен да э? Тообо... Ошон учун балдары чонойгондо кооп, шишип кетет турбайбы катыгун.
+3
lily27
2014-05-07 15:23:00
Меники ыйлап берсе оииий занкылдамак да тимэелечи
+2
abaychik
2014-05-15 13:37:24
Япондор зериккен го тообо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан