Баткен шаарында
дагы бир билим уясы ачылды. Ал типтүү 150 орундуу мектеп шаардын Кызыл-Жол кварталында жайгашкан. “Биздин мурдагы имаратыбыз эскилиги жетип,
колдонуудан чыгып калган эле. Ошол мектебибиздин ордуна өкмөттүн каржылоосу менен жаңы мектеп
тургузулду. Учурда бул мектепте окуучулар билим алышууда”,- деп билдирди аталган
мектептин директору Мубара Абдыразакова.
Автор: Бегайым Тажибай кызыФото: Бегайым Тажибай кызы