Чүй облусунун Москва районунда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

9-Май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына карата Чүй облусунун Москва районундагы Сретенка айылында митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва районунун РЭСинин башкармалыгы жана Электр энергиясын таратуу жана бөлүштүрүү кызматынын жетекчилиги аталган айылдагы эстеликке гүл коюп, согушта каза тапкан айылдаштарын эскеришти. Ардагерлерди куттуктап, аларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Сретенка айылында бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери гана калган. Алар: 88 жаштагы Алексей Дальченко жана 90 жаштагы Варвара Курманалиева. Эки ардагерге 3 миң сомдук азык-түлүк тапшырылып, 2,5 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан