Кечээ, 8-майда Ош технологиялык университетинде 9-Май – Улуу Жеңиш майрамына карата салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуу жайдын жыл башындагы иш-планына ылайык, Технологиялык колледж тарабынан уюштурулган. Ага окуу жайдын жетекчилиги, бардык факультеттердин жамааттары, студенттери, жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетинин эмгек жамааты, курсанттары жана Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда жашаган согуштун ардагерлери катышты.
Майрамдык салтанат алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду 1 мүнөттүк эскерүү менен башталып, согуш талаасы, ошол убактагы элдин жашоо-турмушу жана энелердин кайгысы сыяктуу көрүнүштөр сахналаштырылып көрсөтүлдү. Мындан сырткары Ош шаарындагы 30806-аскердик бөлүгүнүн аскерлери конок катары чакырылып, студенттерге аскердик ыкмаларды көргөзүштү. Акырында атайын концерттик программа тартууланып, катышуучуларга Улуу Ата Мекендик согуш туурасындагы тасмалар көрсөтүлдү.