Ош шаарында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгын майрамдоого шаардан 15 миңге жакын адам борбордук аянттагы ардагерлер үчүн театрлашкан оюн-зоок, аскердик парад жана чоң программдагы концертти көрүүгө келди. Ага шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, ИИМдин Ош жана Ош облусу боюнча жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков жана вице-мэрлер Жапар Ормонов, Ильич Эргешов катышышты.
“Жеңиш күнү бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин келечегин аныктаган күн болгон десем жаңылышпайм. 9-Май эл ичинде мекенди сүйүүнүн, карыларга урмат-сый көрсөтүүнүн жана тынчтыктын кадырын баалоонун майрамы катары калыптанган”,- деди шаар башчы Айтмамат Кадырбаев.
Ошону менен катар бийлик өкүлдөрү ардагерлерге карата каалоо-тилектерин айтып өтүштү.
Майрам Токтогул жана Навои атындагы сейил багында уланып, спорттук мелдештер уюштурулган, ага согуш ардагерлери да катышып жатат.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 31 ардагери бар. Ал эми согуш жылдарында оорукта эмгектенгендердин саны 70ти түзөт.