Бүгүн 9-Май - Улуу Жеңиш күнү Бишкектеги "Жеңиш" аянтында белгиленди. Майрамга КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева катышып, Өчпөс отко гүл коюшту.
Алмазбек Атамбаев согуш ардагерлерин жана кыргызстандыктарды куттуктап жатып, Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин чогуу тосуу тилегин айтты. Бардык ардагерлерге бекем ден соолук каалаган мамлекет башчы өз сөзүндө:
"Урматтуу мекендештерим! Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери, эмгек каармандары!Баарыңыздарды улуу майрам – Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргызстандыктар үчүн бул ыйык майрам. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана катаал согуш Советтер Союзундагы бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн жок.
Бирөөнүн атасы, бирөөнүн агасы, баласы, бир тууганы Ата Мекенин, элин коргойм деп согушка барып, кайтпай калган. Бүгүн ар бирибиздин эскере турган адамдарыбыз бар...
Ошол кездеги эки миллионго жетпеген элибиздин 300 миңден ашууну фронтко, согушка кетишти. Алардын ичинен 95 миңи мекен үчүн курман болду. Биз аларды унутсак болбойт! Ардактуу ардагерлер, согуштун каармандары! Сиздер бар – ырысыбыз бар. Биздин бактыбызга көп жашагыла! Бар болгула, аман болгула! Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бейпил турмуш каалайм! Жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстандын жакшылыгын көргүлө!”- деди.