Бишкекте бүгүн, 9-майда Кыргызстандагы Украинанын элчилигинин имаратынын алдында нааразылык акциясы өтүүдө. Учурда 50гө жакын адам чогулуп, акциянын катышуучулары “Фашизмге жол жок!”, “Батыш - террордун жана фашизмдин демөөрчүсү!” деген транспаранттар менен турушат. “Чынында эле элчиликтин алдында транспаранттарды кармаган адамдар турушат. Мен алардын турганын айнектен көрдүм. Бирок бүгүн майрам. Элчиликте иш күн эмес. Чогулган эл нааразылык акциясын өткөрүп жатканын билген эмесмин”,- деп билдирди элчиликтин өкүлү. Анын айтымына караганда, аталган акция туурасында эч ким алдын ала кабарлаган эмес. “Эгерде акциянын уюштуруучулары бизди кабардар кылса, биз даярданып, аларга жолугууга бармакпыз. А бирок бүгүн элчиликте эч ким жок”,- деп кошумчалайт өкүл. |
Акциянын уюштуруучулары фашизм жана улутчулдукка каршылыгын көрсөтүшүүдө. Ага карата тийиштүү резолюцияны даярдашып, аны КРдагы Украинанын элчилигине аны тапшырууга ниеттенүүдө. Митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат. |