Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митинг бүтүп, Украина бийлигине талаптар айтылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 9-майда Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында фашизмге каршы митинг өтүп, ага 50гө чукул адам катышты. Анын уюштуруучулары "Фашизмге жол жок!", “Батыш - террордун жана фашизмдин демөөрчүсү!", "Одесса, Славянск, Краматорск, Луганск, биз сиздер менен!" деген жазуулары бар транспаранттарды кармап турушту. 
Иш-чаранын жетекчиси Сергей Кожемякиндин айтымында, нааразылык акциясы жөнүндө милиция кызматкерлерине алдын ала айтылган. "Ошондуктан тынч митингибиз мыйзамдуу деп эсептелинет",- деди ал.

Мындан тышкары активист "акциянын максаты - фашизм жана улутчулдукка каршылыгыбызды билдирип, ушул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу" деп белгиледи.

Иш-чара Украинадагы окуяларда каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анын жүрүшүндө уюштуруучулар жана катышуучулар Украинада болуп жаткан окуялар боюнча өз пикирлерин айтышты. Андан соң Украинанын бийлигине даректелген резолюция окулуп, аны колдоого кол чогултулду. 

Аталган резолюцияда төмөнкү талаптар коюлду:

1. Украинанын Одесса, Славянск жана Краматорск шаарларындагы өлтүрүүлөр боюнча кескин түрдө ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүү. Ушул кылмышка күнөөлүүлөрдү жазага тартуу. 

2. Экстремисттик улутчул партиялардын жана кыймылдардын ишине тыюу салуу. Буларга “Свобода” жана “Правый сектор” уюмдары кирет.

3. Украинаны федерализациялоо боюнча референдумду өткөрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sapar903
2014-05-09 16:16:04
Бир жылда кыргыз мигрантарынын 300дон ашуун олугу келет россиядан. Анын жарымы оз ажалы м.н жана башка кырсыктардан каза тапса, жарымы ашынган улутчулдардын колунан каза табат. Эмне учун ушуну айтып РФнын элчилигинин жанында митинг кылбайсынар? Украиндер оз мамлекетинин бутундугу учун курошуп жатат. Ал эми ал жактагы сеператистер путлердин шыкагы м.н украина мамлекетин болуп жарууда. Биздинда баштан отподубу мындай окуя. Оштогу туугандар курсагы тойгондо бизге корсотподу беле ойунду.
+1
kyrs
2014-05-09 22:51:04
Sapar903, Туура айтасын туугани
0
kairhai
2014-05-10 00:30:51
ой Россияны укпай жаткан Украина Кыргызстанды угабы. Жонгулочу кырылгыс кыргыздар.
0
91mele
2014-05-10 01:53:06
барыдыгыле орустарго мен украинаны колдойм тура эле кылтат кыйынбыз деп эле басып ала бериш керекби
0
Aseltay
2014-05-11 12:02:11
Украинадагы беспорядокко СШАнын салымы коп акчадан,оружиядан жардам берип провокация кылып жатбайбы.улутчулдар баардык элдерде болот(тилекке каршы).РФ украинаны болуп жарган жок Крымдын элдери суранышты Путин кабыл алды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан