Улуу Британияда бейтапка жаңылыштык менен тукумсуздукка алып келүүчү операция жасалды

Улуу Британиядагы “Royal Liverpool Hospital” деген аталыштагы ооруканада жаткан бейтапка жаңылыштык менен вазэктомия (тукумсуздукка алып келүүчү) процедурасы жасалды. Бул тууралуу 8-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин шалаакылыгына туш болгон бейтаптын жыныс органына амбулатордук операция жасалмак. Натыйжада ага эркектин аталык безинен урук түтүгүнө чейинки түтүгү урук жеткире албастыгына алып келүүчү операция жасалган.

Медицинада бул ыкма балалуу болгусу келбеген эркектерге жасалып келет.

Айрым маалыматтар боюнча, жабыркаган бейтап балалуу боло электигине байланыштуу сотко берген арызындагы доонун суммасы 100 миң фунт стерлинг же 90 миллион сомдон ашуусу мүмкүн. 

Азыркы учурда аталган ооруканада тергөө амалдары жүрүп, катачылык кетирген хирург жумушунан убактылуу четтетилди.  

“Биз кетирилген ката үчүн кечирим сурап, учурда бейтапка ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатабыз”,- деп билдирди оорукананын башкы дарыгери Питер Уильямс.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asiret
2014-05-12 09:17:50
мына сагаааа!!!
+1
kamyr26
2014-05-12 09:19:08
Жуз милион дагы аздык кылат .
+3
abaychik
2014-05-15 13:32:48
Жоо кеткенден кийин кылычынды ташка чап, эми туштон кийин миллиард берсе да арду толбойт го бала деген бакыттын(((!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан